Акча котормосу

Акча котормосу – которумда көрсөтүлгөн жакка белгилүү бир сумманы төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү же телеграф аркылуу берилген тескеме-буйрук. А. к. менен кредит жана почта – телеграф мекемелери иштейт. А. к. алуучунун аты-жөнү, дареги көрсөтүлүү менен, которула турган сумманы тийиштүү мекемелерге которуу жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Дагы кара

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7